Реп ырчысы Баястан түйүлдүктүн сүрөтүн жүктөп, жубайынын кош бойлуулугун сүйүнчүлөдү

1 январь 2019 13:01 2510 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Реп ырчысы Баястан менен бийчи Лансарова Зульфия өткөн, 2018-жылдын 27-августунда баш кошушкан эле. Жаңы жыл күнү Баястан көпчүлүкө жубайынын кош бойлуу экендигин кабарлап, журтту майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу ал өзүнүн жеке Instagram баракчасына жазып чыкты.

Пост чыгаары менен түгөйлөрдүн күйөрмандары менен кесиптештери жылуу каалоо тилектерин жаадырышты. 

Баястан жеке баракчасына жубайын кош бойлуу сүрөтүн эмес түйүлдүктүн сүрөтүн жүктөп элди таң калтырды. Көпчүлүк "көз тийбесин" деген пикирлерин калтырышты.

Эске салсак, Зульфия дунган улутунун кызы. Кыз узатуу тою август айынын башында дунган элинин салты боюнча болуп, кийинчерээк, 27-августта эки жаш заманбап тоюн өткөрүшкөн.

Ссылка: https://barometr.kg/rep-yrchysy-bayastan-tjldktn-srtn-zhktp-zhubajynyn-kosh-bojluulugun-sjnchld



Добавить комментарий