Рекорддук тартыштык. АКШга 80 миң жүк унаасын айдоочулар талап кылынууда

21 октября 2021 12:15 1330 Barometr
Поделиться в:
ok

Америкада 71 пайыз товар курак жер менен ташылат, учурда Америкага эң аз дегенде 80 миң жүк унаасын айдоочулар жетишпей жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Азыркы учурда АКШда айдоочулардын жетишсиздиги рекорддук көрсөткүчкө чыкты.

Американын жүк ассоциациясынын башкы директору жана президенти Крис Спир бул көрсөткүч пандемияга чейинки тартыштыктан 30 пайызга көп экенин айтты.

Азыркы учурда портко токтогон кемелер апталар бою жүктү түшүргөндөрдү күтүп жатышат, анткени жүктү алып кете турган унаалар жок.

 Президент Джо Байден Лос-Анджелес менен Лонг-Бичтин портторун товарлар менен кемелерди тезирээк кое бериш үчүн күнү-түнү, 7 күн бою тынбай иштөөгө чакырды, бирок импортоочу компанияларга товар ташыганга айдоочулар жок болууда.

Ссылка: https://barometr.kg/rekordduk-tartyshtykakshga-80-mi-zhk-unaasyn-ajdoochular-talap-kylynuuda



Добавить комментарий