Рейд учурунда 9 сайлуу ок атуучу курал, кесилген курал, граната, октор табылып алынды

29 декабря 2020 13:45 1612 Barometr
Поделиться в:
ok

Ички иштер органдары “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш-чарасын жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Алдын алдында коомдук коопсуздукту камсыздоо, укуктук тартиптин бузулушун болтурбоо максатында ички иштер органдары “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш-чарасын жүргүзүштү.

Аталган иш-чара ИИМдин  буйругуна ылайык укук бузууларды алдын алуу, мыйзамдуулукту жана тартипти бекемдөө, курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого байланышкан укук бузууларга бөгөт коюу максатында өткөрүлдү.

Буйрукка ылайык, жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде күзөт агенттиктеринин тиешелүү документтери, сый белекке алган куралдардын, кызматтык, мергенчилик, травматикалык куралдардын ээлери жана аларды сактооо жайлары текшерилди. Шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында бузууларды алдын алуу максатында республиканын бардык аймагында куралдарды алып жүрүүгө, сактоого, колдонууга уруксат берүүчү документтерди берүү убактылуу токтотулду. Куралдар-жарактарды саткан дүкөндөрдүн ишмердүулүгүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.

Республиканын аймагы боюнча ыкчам алдын алуу иш-чарасынын  жүрүшүндө ок атуучу куралдардын, анын ичинде  травматикалык  куралдардын 6300 ээси, 120 обьект текшерилди. 

Бузуулар фактылары аныкталгандыгы боюнча көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы менен бузуулар жөнүндө Кодексинин 84 жана 85-беренелерине ылайык 220 протокол түзүлдү. 160 ашык  куралдын, 3800  ок-дарылардын сактоо эрежелерин бузулгандыгы аныкталды. 

Ошондой эле, 9 сайлуу ок атуучу курал, кесилген курал, граната, октор табылып алынды. Ок атуучу куралдарды өз ыктыярлары менен тапшыруу фактылары дагы катталды.

Ички иштер министрлиги ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ага тете жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, сатуу, сактоо, ташуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет. Ок атуучу куралдарды өз ыктыярлары менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.


Ссылка: https://barometr.kg/rejd-uchurunda-9-sajluu-ok-atuuchu-kural-kesilgen-kural-granata-oktor-tabylyp-alyndy



Добавить комментарий