Редисканын пайдалуу касиети

3 июня 2022 08:06 1103 Barometr
Поделиться в:
ok

Редиска авитаминоздун алдын ала турган бирден-бир пайдалуу азык. С витамине бай болгон редиска өсүмдүгүндө аскорбинка кычкылы көп. Курамында магний, калий, темир жана В витаминдерине бай келген редиска-жүрөктүн иштөө функциясын жакшыртып, кан айланууну мыкты камсыздайт. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет 

Анын курамындагы клеткалар организмдеги зыяндуу холестериндин өлчөмүн азайтып, андагы токсиндерди тазалап турууга жардам берет. Ошондой эле, ал зат алмашуу процессин жакшыртып, салмак кошуудан арылтат.

Адистер өзгөчө редисканын жалбырагы пайдалуу экендигин айтат. Жалбырагын ыргытып жибербестен, аны салаттарга кошуп жеген өтө пайдалуу.

Ич каткан учурда дагы редисканын жалбырагы жардамга келет. Ал үчүн редисканын бир чоң жалбырагына бир стакан ысык суу куюп, аны 20 мүнөт коюп коюш керек. Даяр болгон аралашманы күнүгө үч маал ичүү менен ич каткандан арылууга болот.

Ссылка: https://barometr.kg/rediskanyn-pajdaluu-kasieti



Добавить комментарий