“Реал” Роналдунун ордун кайсы футболчу менен толуктаары белгилүү болду
“Реал” Криштиану Роналдунун ордун Антуанн Гризманн менен толуктоо ниетинде. Клубдун президенти Флорентино Перес “Атлетиконун” чабуулчусун сатып алуу демилгеси менен өзү чыкты.
Чет элдик басылмалар жазгандай, Трансфердин баасы 200 миллион евро. Анын ортосунда, Гризманн буга чейин бир нече жолу “Атлетикодон” кетүү ниети жок экенин айтып келген.
Белгилей кетсек, Антуанн Гризманн “Атлетиконун” курамында 2014-жылдан бери ойноп келет. Ал УЕФА суперкобогунун ээси жана Европа лигасынын жеңүүчүсү.
Эске салсак, июль айында Португалиялык футболчу Криштиану Роналду "Реал" клубу менен коштошкон. Ал жаңы жашоо этабын баштап жатканын айтып, күйөрмандарын тушүнүү менен кабыл алуусун билдирген. Криштиану Роналду Реалда 9 жыл ойногон
Ссылка: https://barometr.kg/real-ronaldunun-ordun-kajsy-futbolchu-menen-toluktaary-belgil-boldu
Добавить комментарий ×