“Реал Мадрид” карантин учурунда 500 млн евро насыя алып, стадионун жаңылоодо (Видео)
Коронавирус илдети күч алып, чектөөлөр киргенден улам карантин маалында Мадрид шаарында “Реал Мадрид” футбол клубуна таандык “Сантьяго Бернабеу” стадиону реконструкцияланып жатат.
Стадиондун унаа токтотуучу жайы, дүйкөндөрү сүрдүрүлүп, ордуна жаңы автоунаа токтотуучу жайлар жана жөө адамдар өтүүчү зона салынууда. Оюн көрүүгө ылайыкталган жаңы мунаралар курулууда. Учурда оңдоо иштери кызуу жүрүүдө, ошондой эле ал жерге жылып жүрүүчү оюн талаасын куруу пландаштырылууда.
Азырынча клуб сезон бүткөнгө чейин (көрүүчүлөрү жок) оюндарды Вальдебебастын базасындагы «Альфредо ди Стефано» стадионунда өткөрүүнү пландап жатат.
Аны оңдоого үч жарым жыл кетери айтылат. Орундуктардын саны көбөйүп 81 миң орундуу боллу. Аренанын чатыры да 12 м бийиктеп, ал ачылып-жабылган функцияга ээ болот.
Стадионду реконструкциялоо үчүн клуб 2,5 пайыздык чен менен 500 миллион евро кредит алган.
Белгилей кетсек, буга чейин “Нуэво Эстадио Чамартин" аталган Мадриддин башкы стадиону 1944-жылы 75 миң адамга ылайыкташып ачылган. Ага чейин “Реал” 25 миң көрүүчү баткан "Чамартин” стадионунда ойноп келген. 1955-жылы легендарлуу клубдун президентинин ысымы башкы стадионго ыйгарылган.
Добавить комментарий ×