Зинедин Зидан "Реал" клубунан кетти
Мадриддин "Реал" футбол командасынын башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан клубдан кетти. Келишим 2022-жылга чейин түзүлгөн. Бул тууралуу РИА Новостиге шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Зидандын жетекчилиги астында 2020-2021-жылдары "Реал" Испаниянын чемпионатында "Атлетико" клубунан кийинки 2-орунду ээлеген.
Зидан "Реалды" 2016-жылы машыктыра баштаган. Эки жылдан кийин өз каалоосу менен кетип, 2019-жылдын мартында кайтып барган. Ал машыктырган жылдары "Реал" Чемпиондор Лигасын үч жолу катары менен жеңе алган.
Эске сала кетсек, Футболдун эл аралык федерациясы 2017-жылы Зиданды эң мыкты машыктыруучу деп атаган.
Айрым маалыматтар боюнча анын ордуна италиялык "Ювентус" клубунун мурдагы машыктыруучусу Массимилиано Аллегри келери айтылып жатат. Бирок, расмий маалымат чыга элек.
Ошондой эле, жеңил салмактагы UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов машыктыруучу Антонио Контени "Реал Мадрид" футболдук клубунун башкы машыктыруучулук кызматында көргүсү келерин соцтармакта билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/real-klubunun-bashky-mashyktyruuchusu-zinedin-zidan-klubtan-ketti
Добавить комментарий ×