Разаков: Кыргызстандын лабораторияларын эл аралык стандарттарга ылайык деп таанышты

30 апреля 2019 21:23 5524 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 30-апрелде Ереванда чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Жениш Разаков журналисттерге ЕАЭБдин өкмөттөр аралык жыйында кол коюлган документтер жөнүндө журналисттерге айтып берди.

Анын айтымында, Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды ЕАЭБдин рыногуна ташуу боюнча эң башкы документке кол коюлган.

“ЕАЭБ Кыргызстандын ветеринардык лабораторияларын Евразиялык экономикалык биримдиктин стандарттарына ылайык деп тааныды. Документке Ереванда кол коюлду. Ал Кыргызстандын өндүрүшчүлөрүнө ЕАЭБдин өлкөлөрүнө тоскоолдуксуз товар ташууга мүмкүндүк берет”,-деп айтты Разаков.

Разаков буга чейин ЕАЭБдин комиссиясы Кыргызстандын ветеринардык лабораторияларына үч ирет баа берүү жүргүзгөнүн кошумчалады.  

"Комиссия ЕАЭБдин стандарттарына биздин лаборториялар ылайык келет деген чечим кабыл алышты”,-деп айтты Разаков. 

Ссылка: https://barometr.kg/razakov-kyrgyzstandyn-laboratoriyasyn-el-aralyk-standarttarga-ylajyk-dep-taanyshty



Добавить комментарий