Равшан Жээнбеков: КСДПдан Бишкекке мэр болгондор үчөө тең соттолгон. Эми кантип биз КСДПга ишенебиз?
“КСДПдан Бишкекке мэр болгондор үчөө тең соттолгон. Эми кантип биз КСДПга ишенебиз?” – деп суроо салды экс-депутат Равшан Жээнбеков. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкек мэриясынын алдында өтүп жаткан митингде билдирди.
“Кыргызстанда КСДПдан жылдырылган үч мэр болду. Иса өмүркулов, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов үчөөсү тең соттолду. Бул үч мэр боюнча мыйзамдык да, моралдык джа жоопкерчилик КСДПда. Ушул окуялардан кийин төртүнчү жолу КСДПга мэрди жылдыруу укугун берүү мыйзамдуубу, моралдык жактан туурабы? Албетте туура эмес. Мындайга жол берген биринчи кезекте биздин күнөөбүз”, - деди Жээнбеков.
Белгилей кетсек, учурда Бишкек мэриясынын алдында жарандык активисттер Бишкек мэрин шайлоого каршы митинг өткөрүүдө.
Добавить комментарий ×