Рамзан Кадыровдун байлыгын араб өлкөлөрүнөн издемей болушту

11 марта 2019 12:54 3968 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШнын Конгрессинин өкүлдөр палатасынын чет элдик иштер боюнча комитети Борис Немцовдун өлүмү үчүн санкция киргизүү жөнүндө резолюция долбоорун колдоого алды. Бул тууралуу "Голос Америки" кабарлады.    

Аталган комитет резоюциянын акыркы тексттин колдоого алды жана анда башка талаптар менен бирге эле АКШнын аткаруу бийлигинен Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун активдерин араб өлкөлөрүнөн издөө талабы да коюлду.

Нью-Джерси штатынан шайланган конгрессмен-демократ Том Малиновский тарабынан сунушталган резолюцияда “Рамзан Кадыровдун ишкер жана каржылык ишмердүүлүгүн иликтөө чараларын кабыл алуу жөнүндө” сунуш киргизилген.

Эскерте кетсек,  Кадыров 2017-жылы АКШ санкция киргизген жарандардын тизмесине кошулган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ramzan-kadyrovdun-bajlygyn-arab-lklrnn-izdemej-bolushtu



Добавить комментарий