Рамзан Кадыров Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү

1 апреля 2021 16:59 1881 Barometr
Поделиться в:
ok

Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров 2021-жылдагы Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү.  Бул тууралуу «Грозный» сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, ал “акыркы 15 жыл ичинде тарыхый жактан оор чечен чөлкөмүндө ишенимдүү тынчтыкты орнотууга жана сактоого кошкон зор салымы үчүн” көрсөтүлгөн.

Өткөн жылы БУУнун мүчөлөрү Кадыровдун эл аралык мамилелерди, гуманитардык жана билим берүү программаларын өнүктүрүүдөгү өзгөчө салымын жогору баалаган.

Нобель сыйлыгы жыл сайын Норвегиянын Осло шаарындагы Нобель коммисиясы тарабынан дүйнөдөгү тынчтыкка, өнүгүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн берилүүчү сыйлык. Жогоку даражадагы сыйлык 1901-жылдан бери берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/ramzan-kadyrov-nobel-syjlygyna-krstld



Добавить комментарий