Кадыров АКШнын санкцияларына байланыштуу Чеченстанды Гиннестин китебине киргизүүнү сунуштады
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров АКШнын өзүнө жана ага байланыштуу компанияларга, анын айлана-чөйрөсүндөгү адамдарга каршы санкцияларына байланыштуу республиканы Гиннестин рекорддор китебине киргизүүнү сунуш кылды. Ал өзүнүн Телеграм каналына АКШнын Каржы министрлиги тарабынан киргизилген санкциялар жөнүндө комментарий берди.
«Мен Гиннес китебине тапшыруу жөнүндө олуттуу ойлондум. Рекорд "Бир республикадан санкциялардын тизмесине киргизилген эң көп адамдар жана уюмдар" деп аталат. Ар бир жаңы санкция сайын, бул рекордду жаңыртуу кыйыныраак болуп калат. Албетте, бул иште Гиннес китебинин өзү “Магнитскийдин” тизмесине кирбесе болду ”, - деп жазган Кадыров.
Кадыров ошондой эле, АКШнын санкцияларын “дебилизм” деп атап, бүткүл адамзаттын тарыхында буга чейин ушуга окшогон акылга сыйбаган нерсе болгон эмес деп кошумчалады.
10-декабрда АКШ Улуу Британия менен бир мезгилде Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровго, ага байланыштуу компанияларга жана анын айланасындагыларга каршы санкцияларды киргизген. АКШнын Каржы министрлиги “Магнитский мыйзамынын” глобалдык тизмесин “адам укуктарынын бузулушунан” улам кеңейтти. Санкцияларга Ахмат Кадыров фонду, “Ахмат” футболдук клубу жана ушул эле аталыштагы аралаш мушташ клубу, “Ахмат” абсолюттук чемпионаты, “Чечен минералдык суулары” жана “Мегастройинвест” промоутердик компаниялары кирген.
Эскерте кетсек, АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жана аялы Уулкан Тургунованы, "Магнитскийдин тизмесине" киргизди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 10-декабрда "Твиттердеги" баракчасына жазган.
Добавить комментарий ×