Рак илдети менен ооруп жаткан актриса Анастасия Заворотнюктун жаңы сүрөтү интернетке жарыяланды

4 ноября 2020 17:49 1457 Barometr
Поделиться в:
ok

Соцтармакка Орусиянын белгилүү актрисасы Анастасия Заворотнюктун жаңы сүрөтү жарыяланды. Белгилүү болгондой, актриса эки жылдан бери рак илдети менен күрөшүп келген жана анын абалы тууралуу маалымат да сүрөттөрү да коомчулукка жарыяланган эмес. Бул тууралуу актрисанын соцтармактагы баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Моя прекрасная няня" телесериалы аркылуу белгилүү болгон Заворотнюктун учурдагы абалы тууралуу маалыматтар коомчулуктан жашырылып келген.

“Анастасияга каалоо-тилектериңизди комментарийге калтырыңыздар. Айыгып кетсин. Биз сиздин сакайып кетишиңизди күтүп жатабыз ", - деп жазылат Анастасия Заворотнюктун жаңы сүрөтүнүн астына.

Сүрөттөн жылмайып турган актрисанын толуп кеткенин көрүүгө болот.   Сүрөт кайсы жерде жана качан тартылганы тууралуу  маалымат жок.

Эскерте кетсек, Анастасия Заворотнюктун рак илдети менен ооруп жатканы Владимир Путин менен жолугушууда ачыкка чыккан. 2020-жылы 14-майда генетикалык технологияларды өнүктүрүү боюнча жыйында Россия Илимдер Академиясынын молекулярдык биология институтунун директору Александр Макаров президентке актрисанын глиобластома менен ооругандыгы жөнүндө билдирген. Академик рактын акыркы этабына каршы күрөшүү үчүн иштелип чыккан жаңы технологияларды колдонуу менен актрисаны дарыласа болорун айткан.

2020-жылы 5-августунда Заворотнюкту Санкт-Петербургдан келген окумуштуулар атайын вакцина менен дарылап жаткандыгы белгилүү болгон. Бул иммундук клеткаларга негизделген эксперименталдык вакцина. Алар иммундук системаны рак клеткаларына кол салууга үйрөтүшөт. Вакцина ар бир бейтап үчүн өзүнчө жасалат. Дарылануу курсу эки жылга созулушу мүмкүн экени айтылган.


Ссылка: https://barometr.kg/rak-ildeti-menen-oorup-zhatkan-aktrisa-anastasiya-zavorotnyuktun-zhay-srt-internetke-zharyyalandy



Добавить комментарий