Тоң районунда эки унаа кагышып, 5 адам жаракат алды. Айдоочу каза болду
Тоң районунда эки жеңил унаа кагышып, жол кырсыктан 5 адам ар кандай оор жаракаттарды алышса, Фольксваген унаасынын айдоочусу каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2018-жылдын 4-ноябрь күнү саат 03:46да Кара-Коо-Коңур-Өлөң ички чарбалык унаа жолунда “Форд-Фокус” жана “Фольксваген-Пассат” үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен “Форд-Фокус” унаасындагы 5 адам жабыркап, Фольксваген унаасынын айдоочусу каза болгон. Куткаруучулар каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Кырсыктын себептери тактала элек.
Ссылка: https://barometr.kg/rajonunda-eki-unaa-kagyshyp-5-adam-zharakat-aldy-ajdoochu-kaza-boldu
Добавить комментарий ×