Раиса Атамбаев жолдошу Алмазбек Атамбаев менен убактылуу кармалуучу жайдан жолукту

27 августа 2019 15:02 3583 Barometr
Поделиться в:
ok

Раиса Атамбаева абакта жаткан жолдошу Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Бул тууралуу мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди. Алар эмне жөнүндө сүйлөшкөнү тууралуу айтылган жок. 

Жактоочунун айтымында, Раиса Атамбаева жолдошу менен кезигүү үчүн өтүнүч берген, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) аны аткарды.

«Процедурага ылайык, Алмазбек Атамбаевдин балдары дагы өтүнүч менен кайрыла алышат. Мурунку президент менен жубайы эмне тууралуу сүйлөшкөнү белгисиз. Жолугушуу канча убакытка созулганын дагы билбейм. Алмазбек Атамбаев өзүн жакшы сезүүдө, кармоо шарттарына карата нааразычылыгы жок», -деп билдирди жактоочу.

Ссылка: https://barometr.kg/raisa-atambaev-abaktagy-zholdoshu-almazbek-atambaev-menen-zholuktu



Добавить комментарий