Рада Туманбаева келерки жылды "Экология" жылы деп атоо сунушун киргизди
"Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Рада Туманбаева келерки жылды "Экология" жылы деп жарыялоо тууралуу президентке сунуш киргизээрин айтты. Бул маселеге байланыштуу демилгени депутат айым бүгүн, 22-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүп чыкты.
Эске салсак, акыркы күндөрдө Бишкектин үстүн каптаган кара ыштын, булганган абанын сүрөт, видеолору интернет аркылуу тарады. Бул маселе акыркы жылдары өзгөчө күз - кыш айларында байкалууда.
Ал эми "Move Green" коомдук кыймылы башкалаада аба нормадан 20 эсе көп булганганын кабарлаган.
Ссылка: https://barometr.kg/rada-tumanbaeva-kelerki-zhyldy-ekologiya-zhyly-dep-atoo-sunushun-kirgizdi
Добавить комментарий ×