Путиндин сырдуу “хан сарайы”. Навальный орус лидери тууралуу иликтөө жарыялады
Россиялык оппозиция лидери Алексей Навальный өзүнүн YouTube каналына Кара деңиздин жээгиндеги кымбат “хан сарай” жөнүндө тасманы жарыялады, ал президент Владимир Путинге таандык экенин айтты. Бул тууралуу Навальныйдын соцтармактагы баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Видеодо айтылгандай, Навальный бул тасманы Россияга кайтып келээрден мурун тарттырып алган, бирок, алар аны кийинчерээк чыгарууга макулдашышкан.
“Алексей бул видеону чет өлкөдө туруп жарыялагысы келген жок. Ал Владимир Путинден коркуп, өлкөдөн сыртта туруп жарыялап жатат деп ойлоп калышын каалаган эмес. Бүгүн сиздер жакындан көрүүгө мүмкүн эмес деп эсептелген нерсени көрө аласыз. Биз менен бирге сиз эч кимге уруксат берилбеген жерге барасыз. Путиндин үйүнө сапар алабыз », - деп айтылат видеонун сүрөттөмөсүндө.
17-январда Навальный Москванын Шереметьево аэропортунан кармалган, ал Германияда 5 ай дарылангандан кийин учуп келген. 18-январда ал камакка алынып, СИЗОго киргизилген.
23-январда бүткүл Россияда Навальныйдын тарапташтары саясатчынын камалышына каршы ири митингдерге чыгууга камданып жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/putindin-syrduu-han-sarajy-navalnyj-orus-lideri-tuuraluu-ilikt-zharyyalady
Добавить комментарий ×