Путиндин кызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү
Россиянын президенти Владимир Путин кыздарынын бири коронавируска каршы вакцина алгандыгын айтты. Бул тууралуу «РИА Новостиге» шилтеме берип «Барометр» которду.
Мындай маалыматты ал өкмөттүн жыйынында Россия дүйнөдө биринчилерден болуп COVID-19га каршы вакцинаны каттоодон өткөргөндүгү тууралуу сөз болгон учурда билдирди.
"Менин кыздарымдын бири да эмдөө жасатты. Тагыраак айтканда ал экспериментке катышты. Биринчи эмдөөдөн кийин дене табы 38 градуска чейин көтөрүлдү, эртеси 37 градустан бир аз өйдө болуп, андан кийин калыбына келди. Экинчи ийне вакцина сайылгандан кийин да денет абы көтөрүлдү. Учурда ал өзүн жакшы сезип жатат", — деди Путин.
Ссылка: https://barometr.kg/putindin-kyzy-koronaviruska-karshy-emddn-tt
Добавить комментарий ×