Путиндин коронавируска каршы эмделгенден кийинки абалы айтылды
Россиянын президенти Владимир Путиндин коронавируска каршы вакцина менен эмделгенден кийинки абалы кабарланды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
"Президент вакцинаны эч кандай терс таасири жок жакшы көтөрүп кетти. Учурда, ал өзүн жакшы сезип жүрөт", - деп билдирди президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков.
Эске сала кетсек, Россиянын президенти коронавируска каршы 23-мартта эмдөөдөн өткөн.
Песковдун айтымында, Путин орусиялык үч вакцинанын бирин алган. Путинди эмдөө үчүн үч вакцинанын кайсынысы колдонулганы ачыкталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/putindin-koronaviruska-karshy-emdelgenden-kijinki-abaly-ajtyldy
Добавить комментарий ×