Путин президенттик кызматтан кеткенден кийин эмне менен алек болорун айтты
Россиянын президенти Владимир Путин мамлекет башчы кызматынан кеткенден кийин вино жасап чыгаруу иши менен алек болорун айтты. Ал мындай оюун студенттер менен жолугушуу учурунда айтты. Бул тууралуу РБК сайты жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Жолугушуу учурунда студенттер андан Навальный көрсөткөн видеодогу көрүнүштүн чын бышыгын сурашты. Путин: "Ал жерде менин мүлкүм деп көрсөтүлгөн нерселер, мага дагы, менин жакын туугандарым дагы таандык эмес жана эч качан таандык болбойт", - деп билдирди Путин.
«Менин кеңешчим бар – Барис Титанов деген Москвадагы ири “Абрау-Дюрсо” компаниясынын ээси. Ал азыр менин кеңешчим. Менин президенттик кызматым аяктагандан кийин, балким, мен ага кеңешчи болуп барып иштейм. Бирок ишкер катары эмес, адис катары - жок дегенде укук жаатында өзүмдү сынап көрөм», - деп кошумчалады Путин.
Путиндин айтымында, ал "бизнеске эч качан кызыкдар болгон эмес", анткени "ал тармак таптакыр ага ылайыктуу эмес". Ошол эле учурда, Путин ишкердүүлүктү социалдык жактан алып караганда асыл кесип деп эсептей тургандыгын белгиледи: бизнестин аркасы менен, жумуш орундары түзүлүп, экономика өнүгөт.
Эске сала кетсек, орусиялык саясатчы Алексей Навальный Путиндин байлыгы, анын хан сарайы тууралуу видео тасма чыгаргандан кийин Россиянын бир катар шаарларында президентке каршы митингдер башталган.
2020-жылдын декабрь айында Путин 2024-жылы өтө турган шайлоодо кайрадан президенттикке талапкерлигин көрсөтөр көрсөтпөстүгү тууралуу азырынча чече электиги тууралуу билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/putin-prezidenttik-kyzmattan-ketkenden-kijin-emne-menen-alek-bolorun-ajtty
Добавить комментарий ×