Путин менен Трамп жолугушууга бири-бирин күттүрүп келишти
Америкалык телекомпания CNN Россиянын президенти Владимир Путиндин кечигип келгендигине катуу реакция берди. Учак атайын кеч келдиби же кандайдыр бир себептери болдубу ал айтылган жок. Риа Новости маалымат агенттигинин берген маалыматына караганда учак белгиленген убакыттан 30 мүнөткө кеч келген. Бирок, Хельсинкидеги жолугушууга даярдалган президенттик сарайга Путин эртерээк келип, Трампты 20 мүнөттөй күткөн. Биринчи толук кандуу жолугушуу белгиленген убакыттан 45 мүнөттөй кечигип башталган. Анткени эки лидер тең кечигип келишти. Жолугушуу 2 саат 10 мүнөткө созулду. Сүйлөшүүлөр котормочулардын катышуусу менен ишке ашты.
Бүгүн Трамп өзүнүн твиттер баракчасына АКШ менен Орусиянын мамилеси эч убакта азыркыдай начар болбогонун белгилеп, бул үчүн Кошмо Штаттардын узак жылдардан берки “акмактыгы” себеп деп жазды. Ал эми Путин тараптан азырынча билдирүү боло элек.
Ссылка: https://barometr.kg/putin-menen-tramp-zholugushuuga-biri-birin-kttrp-kelishti
Добавить комментарий ×