Путин Казакстандын президенти менен COVID-19га каршы вакцинаны биргелешип өндүрүүнү сүйлөштү

12 ноября 2020 11:45 833 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын президенти Владимир Путин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен пандемияга каршы күрөшүү жаатында кызматташууну активдештирүү, анын ичинде Казакстан менен вакциналарды биргелешип өндүрүү пландары талкууланды. Бул тууралуу “РИА Новости” жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Эки өлкөнүн лидерлери телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.

"Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө, бир катар актуалдуу темалар козголуп, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү жаатында кызматташууну өркүндөтүүгө басым жасалды. Анын ичинде, Россия менен Казакстан вакциналарды биргелешип өндүрүүнү уюштуруу пландары бар", - деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/putin-kazakstandyn-prezidenti-menen-covid-19ga-karshy-vakcinany-birgeleship-ndrn-sjlsht



Добавить комментарий