Путин Хабибдин атасынан анын жазасын жеңилдетүүнү суранаарын айтты

11 октября 2018 14:41 1640 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын президенти Владимр Путин эрежесиз эр мушташ боюнча чемпион Хабиб  Нурмагомедов жана анын атасы Абдулманап Нурмагомедов менен жолукту.

 Жолугушуу учурунда президент Путин ирландиялык мушкер Конора Макгрегор менен болгон беттеште  жеңишке татыктуу жеткенин айтты. Ошондой эле бул жеңиши менен куттуктап, Хабибдин атасынан ага катаал жаза бербесин суранаарын айтты.  

“ Сен үмүттү актап, татыктуу жеңишке жетиштиң, негизги жеңишти камсыздадың. Атаңан сага катуу жаза бербешин  суранам” –деди президент.

 Ал эми Хабиб оюндун соңундагы тартип бузуу жөнүндө “мен улутум, диним, ата-энем тууралуу айтылганда жөн тура алган жокмун. Мындан улам оюндун соңунда жаңжал чыгып кетти. Бул боюнча  иликтөөчү топ биздин пайдабызга чечип берет деген үмүттөмүн” деди Хабиб Нурмогамедов.

Эске салсак, 7-октябрда Орусиялык мушкер Хабиб  Нурмагомедов менен ирландиялык мушкер Конор Макгрегор көптөн бери күтүлүп келген беттешти өткөргөн. Жыйынтыгында Хабиб 4-раунда Конорду муунту ыкмасы менен жеңишке жетишип, өзүнүн чемпиондук курун сактап калган. Оюндун соңунда массалык уруш чыгып Хабиб октагондон ашып өтүп Конордун досуна карай кол көтөргөн.

Ссылка: https://barometr.kg/putin-habibdin-atasynan-anyn-zhazasyn-zheildetn-suranaaryn-ajtty



Добавить комментарий