Психотроптук дарыларды рецепти жок сатып жаткан кызматкер кармалды

5 декабря 2022 13:01 607 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте психотроптук дарыларды атайын рецепти жок сатууга шектелген дарыкананын кызматкерин кармалды. Бул тууралу Бишкек шаардык мтлициянын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Милиция “Рефлекс” аталыштагы рейддин жүрүшүндө калаадагы дарыканаларды текшерип, фармацевттердин арасында “дарыларды рецептисиз сатпоо” боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ал эми Ош базарындагы дарыканаларды текшерүү учурунда 31 жаштагы фармацевт “Э.А.” кармалды. Күч органдары ал “Н.” аттуу жаранга эки психотроптук затты дарыгердин рецепти жок саткан деп Ленин РИИБге жеткирди.

Факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталды.


Ссылка: https://barometr.kg/psihotroptuk-darylardy-recepti-zhok-satyp-zhatkan-kyzmatker-karmaldy



Добавить комментарий