Психологиялык зомбулук көрсөткөн залим адам сыртынан башкалар үчүн өтө эле идеалдуу көрүнөт

4 декабря 2019 13:14 15109 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Үй-бүлөдө көрсөтүлгөн физикалык зордук-зомбулук темасы коомчулукта чоң талкууну жаратканы менен, психологиялык зомбулукка анчалык деле көп көңүл бурулбай калат. Бирок, дал ошол психологиялык зордук-зомбулук физикалык зомбулукка караганда бир топ оор көйгөй жаратат.

Психолоиялык зомбулук эмнеси менен коркунучтуу?

Психологиялык зомбулуктун коркунучтуулугу- сырттан караганда эч нерсенин билинбегени жана эч нерсе болбогондой болуп эсептелет.

Эгер кимдир бирөөгө даттансаңыз, ал бардык эле түгөйлөр урушат, кайра жарашат деп көңүл деле бурбайт.

 Себеби психологиялык зомбулук көрсөткөн залим адам сыртынан башкалар үчүн өтө эле идеалдуу көрүнөт. Тескерисинче, жакындарыңызга сизди жаман көрсөтүп коюшу ыктымал. Мындан улам жабыр тарткан айымдар эки анжы ойдо болуп катуу ойго батышат. Өзүнө башка, жакындарына башкача мамиле жасаган залим адамды толук түшүнө албай психикалык жабыркоого учурайт. Өзүнө болгон ишеним жоголот. Жыйынтыгында толугу менен залим жолдоштун көзөмөлүнө өтүп, анын психологиялык зордук- зомбулугун көрүп руху талкаланат.

Эгерде сиздин жолдошуңуз психологиялык басым көрсөткөн залим болсо эмне кылуу керек?

 Эч качан озүңүздү өзүңүз калп эле жубатып, эч нерсе болбогондой түр көрсөтпөңүз. Залимдикти байкадыңызбы, дароо кош айтышыңыз.

Себеби мындай адамдарды кайрадан тарбиялоого же бир нерсе айтып түшүндүрүүгө мүмкүн эмес. Жакындарыңыздан жардам алыңыз, колдоого муктаж экендигиңизди билдириңиз. Анткени залим жолдошуңуз сизди оңой эле бошото койбойт. Аны менен жолукканга чейинки жашооңузду көз алдыңызга элестетиңиз.

Кандай жагымдуу күндөр өткөн эле?

Жакын досторуңузду, санаалаштарыңызды эстеңиз. Сиз мындай эскерүүдөн сөзсүз түрдө бактылуу болуп жүргөндүгүңүздү сезе аласыз. Демек, жагымсыз күндөрдү унутуп, жашоону жаңы барактан ачууга сизде толук мүмкүнчүлүк бар. Артка кылчайбаңыз!

Психолог адисинен кеңеш алууну унутпаңыз. Рухуңузду азыктандырыңыз. Сиз бактылуу жашоого, сүйүктүү жар болууга жеке көз караш жана өз пикирге ээ болгон инсан болууга толук акылуу экендигиңизди түшүнө билиңиз.

Ссылка: https://barometr.kg/psihologiyalyk-zombuluk-krstkn-zalim-adam-syrtynan-bashkalar-chn-t-ele-idealduu-krnt



Добавить комментарий

  • Мындай зомбулукка аялдардын 80 пайызы кабылып келет жана буга олутту эч кандай чара корулбойт