Психикалык жактан ооруган экс-дипломатты камактан бошотууга үндөшүүдө
Эл аралык «Хьюман Райтс Вотч» (Human Rights Watch) укук коргоо уюму расмий Ташкентти психикалык оору менен жабыркаган мурдагы дипломат Кодиржон Юсуповду токтоосуз түрдө бошотууга үндөдү.
67 жаштагы Кодиржон Юсупов «мамлекеттик чыккынчылыкка» айыпталып, 2018-жылы декабрда кармалган. «Хьюман Райтс Вотч» уюму мурдагы дипломат кыйноого кабылып, ар-намысы тебеленип жатканына тынчсызданууда.
Билдирүүдө «Ал ТИМ кызматынан 10 жыл мурун кеткен, учурда Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында отурат. Юсуповду өкүм чыкканга чейин (биринчи соттук отурум 17-июнда башталат) бошотуу керек», – деп айтылат. Уюм бийликти кыйноо жөнүндөгү арызды дыкат иликтөөнү камсыздоого чакырды.
Кодиржон Юсупов тышкы саясат тармагында 27 жыл иштеген. Дипломат бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган, анын ичинде Өзбекстандын ЕККУ уюмундагы өкүлү болгон. Юсупов 2009-жылы отставкага кетип, өлкөнүн ички жана тышкы саясаты боюнча аналитикалык статьяларды жазып турган.
Март айында Кодиржон Юсупов ооруканада дарыланып жаткан маалда атайын кызмат тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылуу айыбы менен кармалган.
Юсуповдун туугандарынын айтымында, акыркы жылдары психикалык жактан ооруп жүргөн 67 жаштагы экс-чиновник 2018-жылы декабрда поезддин алдына секирип, өз жанын кыюуга аракет кылган. Башынан жаракат алып ооруканага жаткырылган Юсупов анда оорусу кармап, «батыштын тыңчысы» экенин айта баштаган.
Ссылка: https://barometr.kg/psihikalyk-zhaktan-oorugan-eks-diplomatty-kamaktan-boshotuuga-ndshd
Добавить комментарий ×