Прокурорлор деле Кой-Таш окуясы боюнча соттун ачык болушун каалайт

4 марта 2020 12:31 641 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 4-мартта, Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук алдын ала угуу өтүп, ал жабык эшик артында каралууда.

Тыныгуу учурунда айыптоо тобунун башчысы, Бишкек шаарынын прокурору Темирбек Бекмаматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, соттун ачык же жабык болушун судья гана чече аларын айтып, эгер ачык болот десе алар каршы эместигин билдирди.

Бекмаматов андан сырткары сот учурунда айтылган бардык далилдер жана документтер көрсөтүлүп, тергөө канчалык акыйкат, же акыйкат эмес жүргөнүн соттун жүрүшүндө белгилүү болоруна токтолду.

Учурда Биринчи Май райондук сотуна Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандар аскерлердин коштоосунда алынып келди. Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы бар.

Кой-Таш окуясы боюнча соттук алгачкы угуулар 3-мартта башталган. Анын алкагында 14 адамга расмий түрдө айып коюлган.  Андан сырткары тергөө менен кызматташкандардын иши башка өндүрүшкө алынган болчу.

Белгилей кетсек, 2019-жылы 7-августта Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын кызмат операция уюштурган, бирок андан майнап чыккан эмес. Тилекке каршы бул күнү атайын кызматтын бир өкүлү Үсөн Ниязбеков каза болгон. Андан сырткары Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Самат Курманкулов башынан жаракат алган. Учурда ал Москвада дарыланууда.

Ал эми 8-августта ИИМ жүргүзгөн операцияда Атамбаев багынып берген.

Ссылка: https://barometr.kg/prokurorlor-dele-koj-tash-okuyasy-boyuncha-sottun-achyk-bolushun-kaalajt



Добавить комментарий