Профессионал кикбоксчу, дүйнө чемпиону Дастан Шаршеев айылынын «Ардактуу атуулу» болду
Кыргызстандык кесипкөй кикбоксчу, дүйнө чемпиону Дастан Шаршеевге туулуп-өскөн айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилди. Бул тууралуу спортчунун туугандары Barometr.kg сайтына бүгүн 1-мартта билдирди.
Дастан Ысык-Көл областынын Тоң районунун Күн Чыгыш айыл өкмөтүнүн Жоомарт Бөкөнбаев айылында туулган. Жергиликтүү элдин атынан айыл өкмөтү бүгүн мушкерге «Ардактуу атуул» наамын ыйгарышты.
Дастан Шаршеев 25-февралда Бишкекте кикбоксингдин WBKF түрү боюнча дүйнө чемпиону наамын утуп алган.
Ысык-Көлдүн кулуну Дүйнөнүн чемпиондук куру үчүн россиялык Алексей Додонов менен таймашып, 115 секундада сулата согуп жеңишке жеткен.
Белгилей кетсек, Дастан Шаршеев 2014-жылы Кыргызстанда өткөн бирман боксу боюнча Евразия биринчилигин утуп, чемпион наамын жеңип алган. Ал эми чет жактарда кикбоксинг, тай боксу кийинчерээк аралаш мушташ боюнча көптөгөн мелдештерге катышкан.
2018-жылы Дастан эки чемпиондук кур жеңип алган. Анын бири кикбоксинг боюнча Ташкентте Борбор Азия чемпиону титулун WAKF түрүнүн К1 бөлүгү боюнча, дагы бири М1 аралаш мушташ боюнча. 2019-жылы ММА уюмуна биротоло өтүүнү пландап жатат. «Мен бул жакта көп ийгиликтерди жарата алап деп ойлойм», - дейт Дастан Шаршеев.
Эскерте кетсек, Дастан Шаршеев жалпысынан кикбоксинг боюнча 26 жолу профессионалдык беттешке чыгып, 20 ирет жеңишке жеткен.
Добавить комментарий ×