Пробация департаментинин сегиз кеңсесинде оңдоо иштери аяктады

28 мая 2020 13:45 2668 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда пробация органдарынын оңдоо-курулуш жумуштары аяктады. Бул тууралуу  Юстиция министрлигинин алдындагы пробация департаментинин пресс-кызматы билдирди. 

2019-жылы жалпы 8 объектини оңдоо жана аларды тиешелүү кеңсе жабдуулар жана эмеректер менен камсыздоо пландалган.

Соңку жылдын аягына карата пробациянын үч кеңсесинде ремонт иштери жүргүзүлдү, анын ичинде Пробация департаментинин Борбордук аппаратынын административдик имаратын реконструкциялоо да кирген.

2020-жылга карата региондордо пробация органдарынын беш офисинде оңдоо иштери аяктады:

– Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Аймактар аралык башкармалыгынын кеңсесинде (Ош шаары);

– Жалал-Абад шаарынын пробация органынын кеңсесинде;

– Кызыл-Кыя шаарынын пробация органынын кеңсесинде;

– Ош облусунун Алай районунун шаарынын пробация органынын кеңсесинде;

– Чүй облусунун Токмок шаарынын пробация органынын кеңсесинде.

Оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү, кеңселерди оргтехника жана эмерек менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бюджеттик каражаттардын эсебинен, ошондой эле БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жана БУУӨПтүн колдоосу менен каржыланды.



Ссылка: https://barometr.kg/probaciya-departamentinin-segiz-kesesinde-odoo-ishteri-ayaktady



Добавить комментарий