Байтерек: Садыр Жапаров менен жакшы мамиледе калабыз

18 мая 2021 13:23 2761 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек кызматтан бошотулду. Маалыматты "Барометрге" Байтерек өзү тастыктады. 

Ал белгилегендей, бүгүн анын маалымат катчысы катары акыркы жумушчу күнү.

"Ар кандай ушактарды алдын алып, Садыр Нуркожоевич менен адамдык жылуу мамилебиз жана жумуштагы жакшы ымалабыз сакталып каларын айтып кетейин. Алдыга коюлган бардык тапшырмаларды аткардым, алдыда дагы жаңы жумуш күтүп турат", - деди Галина Байтерек.

Ошондой эле ал өзү билдиргендей, президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Эске сала кетсек, Галина Байтерек мамлекет башчынын маалымат катчылыгына өткөн жылдын 29-октябрында дайындалган. Ал жети ай бул кызматта иштеген.  

Ссылка: https://barometr.kg/prezidenttin-maalymat-katchysy-galina-bajterek-kyzmattan-boshotuldu



Добавить комментарий