Президенттин маалымат катчысы менен парламенттин Басма сөз кызматынын жетекчисинин маеги

20 июня 2020 12:33 697 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кенештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу социалдык тармактан президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева менен маегин жазды . 

Президенттин  катчысы менен парламенттин катчысынын маеги төмөнкүдөй болду:

- Ассалому алейкум, алыскы Токмок шаардан айтам саламды. Акыркы жолу жугузуп кетти элем, Акүй жак деги аманбы?

- О, алтын группалаш кандайсың? Кечээ чалсам, албайсың. О, бу каронавирус деген бар бекен? Рентгенге доктур тарттыбы, о деги сенден өпкө таптыбыы?

- Рахмат Током, өзүңө. Кечээ кыйын болду өзүмө. Көк жөтөлдөн кыйналдым. Өпкө деле бар экен, бул ковид деле бар экен. Таластын губернаторун кыйнабай деле койсоңор болмок экен ов, мына менден вирус табылдыы?

- Мейли, досум аман бол. Бул жагын айтпай тургунуң. Баары жакшы дей бергин, элибизди дүрбөтпөй, оптимизди кармангын. Сак бололу барыбыз. Сен таштап кеткен Акүйдү бүгүн түштөн кийин дезинфекциялаганы атырбыыз. 

 - Сак бололу барыбыз. Жаман жактар тамаша, жакшы жактар чындыка жарашаа. Элибиз жеңет ковидди. Мен буга терең ишенем. Манас жоону чапкандай, аттаналы чоооң казатка. Вирусту дагы тазалап, коррупциядан да арылып...

 - Ой, кое тур, Ыбырайым пашам,  саясатка башты оорутпа... Андан көрө сакайгын. Алтынчы чакырылыш кыйналып калбасын, эртерээк ишке чыккының, айткан сөздү уккунуң...

Бүгүн Жогорку Кеңештин имараты толук дезинфекцияланат, ковид бар, жамандыктын баарын ынтымак менен жеңебиз деген жерлери чын", - деп жазды Ибраим Нуракун уулу.

Ссылка: https://barometr.kg/prezidenttin-katchysy-menen-parlamenttin-katchysynyn-maegi



Добавить комментарий