Президенттин алдында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган жумушчу топ түзүлөт
КР президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-августта саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимов менен жолугушту. Бул туурасында президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо маселелери талкууланды.
Мыйзам жана тартипти күчөтүү, жарандардын коопсуздугун коргоо максатында жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынып, аны жетектөө Тамерлан Ибраимовго сунушталды.
Жумушчу топтун курамына президенттик Аппараттын, Өкмөттүн, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирет.
Ошондой эле жолугушууда биринчи кезекте бул багытта жумушту баштоо үчүн тиешелүү мыйзамдык база түзүлүш керек деп белгиленди.
Президент Сооронбай Жээнбеков сот реформасы, коопсуздукту, мыйзамды жана тартипти камсыздоо мамлекет алдында турган эң маанилүү маселелердин бири экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, 2018-жылдын 19-июлунда Президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн жарандык коому менен болгон жолугушуусунда Тамерлан Ибраимов жол кыймылынын коопсуздугун реформалоо маселелерин көтөргөн.
Анда президент бул маселе боюнча жумушчу топту түзүү максатында ага аналитикалык маалымат киргизүүнү сунуштаган.
Бүгүнкү жолугушууда маселе дыкат талкууланып, натыйжада Тамерлан Ибраимов жетектеген жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.
Добавить комментарий ×