Жээнбеков, Мирзиеев, Рахмон, Путин, Трамп. Президенттердин инстаграмдагы миллиондогон катталуучулары

14 января 2019 11:45 1969 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бүгүнкү күндө интернет маалымат таратуу боюнча башка ММКлар менен бирдей катарга көтөрүлгөнү баарыбызга маалым. Мындан улам интернет аркылуу ар ким өз кызыкчылыктарына жараша иш жүргүзө алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Мындай интернет булактарынын бири – Instagram. Инстаграм белгилүү адамдардан баштап карапайым калкка да жеткиликтүү болгон булак. Бүгүнкү күндө саясатчылар жадакалса өкмөт башчылар да жеке баракчаларын ачышып жаңылыктарын эл менен бөлүшүп турушат.

Barometr.kg сайты президенттердин инстаграм баракчыларына жана алардын катталуучуларына байкоо жүргүзүп көрдү.

АКШнын президенти Дональд Трамп


Инстаграм баракчасы: realdonaldtramp

Катталуучулардын саны 11 млн. 400 000.

Сүрөттөрүнө орточо эсеп менен 400 000 ден 500 000 ге чейин жактыруу белгиси басылат.

Видеолорун 1 млндон 3 млнго чейин киши көрөт.

Ал эми пикир калтыруу бөлүмүндө ар бир жүктөлгөн постко 3000 ден 40 000 ге чейин пикир жазылат.

Өзбекистандын президенти Шавкат Мирзиёев


Инстаграм баракчасы: mirziyoyev_sh

Катталуучулардын саны 1 млн. 100 000.

Сүрөттөрүнө орточо эсеп менен 10 000 ден 50 000 ге чейин жактыруу белгиси басылат.

Видеолорун 90 000 ге чейин киши көрөт.

Ал эми пикир калтыруу бөлүмүндө ар бир жүктөлгөн постко 50 дөн 500 гө чейин пикир жазылат.

Россиянын президенти Владимир Путин



Инстаграм баракасы: leadervladimirputin

Катталуучуладын саны 73 200.

Сүрөттөрүнө орточо эсеп менен 500 дөн 5000 ге чейин жактыруу белгиси басылат.

Видеолорун 2000 ден 10 000ге чейин киши көрөт.

Ал эми пикир калтыруу бөлүмүндө ар бир жүктөлгөн сүрөтүнө жазылган пикирлердин саны 100 дөн дээрлик ашпайт.

Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон



Инстаграм баракчасы: emomali.rahmon

Катталуучуларынын саны 44 800.

Сүрөттөрүнө ортоо эсеп менен 1000 ден 4000 ге чейин жактыруу белгиси басылат.

Видео дээрлик жүктөбөйт.

Ал эми пикир калтыруу бөлүмүндө ар бир жүктөлгөн сүрөтүнө жазылган пикирлердин саны 100 дөн ашкан эмес.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков



Инстаграм баракчасы: sooronbai_zheenbekov_official

Катталуучуларынын саны 177 000.

Сүрөттөрунө орточо эсеп менен 1000 ден 10 000 ге чейин жактыруу белгиси басылат.

Видео дээрлик жүктөбөйт.

Ал эми пикир калтыруу бөлүмүндө ар бир жүктөлгөн сүрөтүндө 50 дөн 500 гө чейин пикир калтырылат.

Эскерте кетсек президенттердин баракчаларын алардын маалымат кызматы иштетет.

Ссылка: https://barometr.kg/prezidentterdin-instagramdagy-milliondoru-zhana-kattaluuchulary



Добавить комментарий