Президенттин аппаратынын 8 кызматкеринен коронавирус аныкталды
Президенттин аппаратынын 8 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
КРнын делегация курамында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу, президентинин аппаратынын бардык кызматкерлери илдетке карата анализ тапшырышкан.
Анын жыйынтыгы боюнча президенттин аппаратынын 8 кызматкеринен коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды.
Белгилей кетсек, бул илдеттин мүнөзүн жана биринчи анализдеги күмөндүү учурларды эске алуу менен бардык кызматкерлер кайрадан анализ тапшырышат, ага жараша, жыйынтыктар өзгөрүшү мүмкүн.
Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, илдет белгилери жок өтүп жаткандыгын эске алуу менен алардын баары үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат.
Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери алыстатылган тартипте иштөөсүн улантууда.
Ссылка: https://barometr.kg/prezidentin-apparatynyn-bardyk-kyzmatkerleri-ildetke-karata-analiz-tapshyryshty
Добавить комментарий ×