Президент жоокерлерди кордогон аскер кызматкерлерин жазалоону тапшырды
Президент Сооронбай Жээнбеков жоокерлерди кордогон аскер кызматкерлерин жазалоону тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алган. Жолугушууда өлкө башчысы №73809 аскердик бөлүктөгү мыйзамды жана тартипти бузууга алып келген себептерди иликтеп, күнөөлүү кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берген.
Президент Аскер прокуратурасына күнөөлүүлөрдү мыйзамга ылайык кылмыш жообуна тартуу боюнча көрсөтмө бергени да айтылат. Президент Сагынбаевди кечээ, 10-августта кабыл алган.
Ссылка: https://barometr.kg/prezident-zhookerlerdi-kordogon-asker-kyzmatkerlerin-zhazaloonu-tapshyrdy
Добавить комментарий ×