Жээнбеков Көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын Айсулуу Тыныбекованын жеңиши менен куттуктады
Президент Сооронбай Жээнбеков Таласта “Манас Ордо” комплексинде Биринчи республикалык Көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын Айсулуу Тыныбекованын дүйнө чемпионатындагы жеңиши менен куттуктады.
Мындай сөзүн өлкө башчысы көчмөндөр оюндарынын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп жатып айтты. Президент Дүйнөлүк аренада Кыргызстандын желеги дагы бир жолу желбирегенин белгиледи.
“Кудайга шүгүр, азыркы учурда биздин мекендештерибиз спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча эл аралык ийгиликтерди жаратып жатышат. Кечээ кечинде, Нур Султан шаарында, күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпионатта балбан кызыбыз Айсулу Тыныбекова эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу күрөш боюнча алтын медаль жеңип алды.
Дүйнөлүк аренада Кыргызстандын желеги дагы бир жолу желбиреди.
Баарыңыздарды Кыргызстанга сыймык тартуулаган ушул жеңиш менен куттуктайм!
Айсулуу кызыбызга ден-соолук, бакты-таалай, Токио олимпиадасында ийгиликтерди каалайм”, - деди Сооронбай Жээнбеков.
Добавить комментарий ×