Сооронбай Жээнбеков Каныбек Исаковду Билим берүү жана илим министри кылып дайындады
Поделиться в:
Каныбек Исаков Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Буга байланыштуу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы бүгүн чыкты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары аталган министрлик кызматка сунушталган Каныбек Исаковдун талапкерлигин карап, 107 добуш менен жактырышкан.
Буга чейинки министр Гүлмира Кудайбердиева сентябрдын башында кызматтан алынган. Андан кийин өкмөт башчы бул кызматка Каныбек Исаковдун талапкерлигин сунуштаган.
Добавить комментарий ×