Садыр Жапаров Дүйшөмбүдө өтө турган ЖККУнун кеңешинин жыйынына катышат

14 сентября 2021 09:36 1041 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйшөмбү шаарында 16-сентябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу ЖККУнун басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Иш-чарага Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Белорусиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышат. Жыйынга ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась да келет.

Жамааттык коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелерин, ошондой эле уюмдун ишмердигинин жыйынтыктарын талкуулашмакчы.

Эң маанилүү маселелердин бири Афганистандагы жагдай жана анын ЖККУга мүчө мамлекеттерге тийгизген таасири тууралуу болмокчу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-zhaparov-djshmbd-t-turgan-zhkkunun-keeshinin-zhyjynyna-katyshat



Добавить комментарий