Сооронбай Жээнбеков анализи чыкканча обсервацияга жатат
Москвага учаар алдында президент жана анын коштоочулары COVID-19га тест тапшырган. Жыйынтыгы таза чыккан. Бул тууралуу “Барометрге” Президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Белгилүү болгондой, президент Сооронбай Жээнбековду Москва шаарына Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы боюнча парадка катышууга чакыруу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин атынан алгач ирет 9-майда келген.
Пандемияга байланыштуу кырдаалды эске алуу менен делегация чакан курамда болгон, алардын баары ар дайым тесттерди тапшырып турушкан.
Москва шаарына келгенден кийин баары кайрадан тест тапшырышты, буга чейин айтылгандай, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды.
“Президент Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышпоо чечимин кабыл алды. Анын катышуусу иш-чарага катышып жаткандарга карата жоопкерчиликсиз кадам катары бааланып калмак”, - деп айтылат маалыматта.
Президент жана аны коштоп баргандар Бишкекке келишкенде, анализдери оң чыккандар да 14 күнгө обсервацияга жаткырылат.
Президент жана башка адамдар дагы анализдери чыкканга чейин 3 күнгө обочолонууга алынышат.
Добавить комментарий ×