Сооронбай Жээнбековду Токиодо кантип тосушту

21 октября 2019 13:49 2095 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-октябрда, иш сапары менен  Токио шаарына (Япония) келди.  Сооронбай Жээнбеков Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат.

Ошондой эле иш сапардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз менен жолугушуулары болот.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-yaponiyada-zhashagan-mekendeshteribiz-menen-zholugushuulary-bolot



Добавить комментарий