Жээнбеков Японияга учуп кетти

21 октября 2019 08:42 831 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-октябрда, иш сапар менен Японияга учуп кетти.

Сооронбай Жээнбеков Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат.

Ошондой эле иш сапардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз менен жолугушуулары болот.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-yaponiyada



Добавить комментарий