Президент, УКМК, эл үчүн күйгөн депутаттар, антикоррупциялык органдар үнүмдү укчу! Элдер Анара Мамбеталиеванын билдирүүсүнө жооп күтүп жатышат
Мамлекеттик экотехинспекциясынын жумуштан берене менен мыйзамсыз алынды деген кызматкери Анара Мамбеталиеванын билдирүүсү боюнча социалдык баракчаларда элдер бийликтен, коррупцияга каршы мамлекеттик органдардан жооп күтүп жатат.
"Президентке кайрылуу чыккандан бери бир дагы коррупцияга каршы мамлекеттик органдар, эл үчүн күйгөн депутаттар, президент, айтор баары үн катпайт. Кыргызда "Карганын көзүн карга чукубайт"-дегендей, УКМКнын антикоррупция кызматы, каржы полициясы жана экотехинспекциясынын кызматкерлери бири-бири менен сүйлөшүп алгансып, унчугушпайт"-деген пикирлер айтылууда.
Эске салсак, мамлекеттик экотехинспекциясынын пресс-катчысы Анара Мамбеталиева жумушунан мыйзамсыз алынгандыгын, өмүрүнө коркунуч келип жаткандыгын айтып, билген коррупционерлердин атын атап кеткен.
Добавить комментарий ×