Президент «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамга кол койду

19 августа 2018 00:45 1044 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кенеш тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган. Мыйзам террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) багытталган, системалуу жана натыйжалуу каршы аракеттенүү үчүн укуктук негиздерди белгилөө максатында кабыл алынган.
Мыйзамды кабыл алуунун натыйжасында төмөнкү оң жыйынтыктар күтүлөт:
— террористтик ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) профилактикалоонун жана алдын алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
— Кыргыз Республикасынын беделин жана инвестициялык рейтингин жогорулатуу, анын ичинде эң ишенимдүү, жоопкерчиликтүү жана ак ниеттүү өнөк катары финансылык мекемелердин, натыйжада аларга эл аралык финансылык рыноктордо активдүү аракеттенүүгө мүмкүндүк берүү;
— коррупциялык кылмыштарга каршы аракеттенүү үчүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын тышына жана да оффшордук чөлкөмдөргө мыйзамсыз же кылмыш жолу менен чыгарылып кеткен акча каражаттарын издөө жана кайтаруу үчүн кошумча механизмдерди түзүү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-terroristtik-ishti-karzhyloogo-zhana-kylmyshtuu-kireshelerdi-legaldashtyruuga-adaldoogo-karshy-araketten-zhnnd-myjzamga-kol-kojdu



Добавить комментарий