Президент Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон чек ара маселесин талкуулайт

28 сентября 2018 14:10 1014 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Тажикстанга барды. Бүгүн 28-сентябрда Душанбе шаарында Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин саммити өтөт. Мамлекет башчылар кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүүнүн беш жылдык программасын кабыл алышат, маалыматтык технологиялар жаатындагы кызматташтык маселелерин талкуулашат. 

Муну менен катар эле эки өлкөнүн президенти чек-ара маселесин да карашмакчы.  Жалпысынан 18 документ кабыл алынат. Алдын ала маалыматка караганда, Душанбеде Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путин менен да жолугушуу өткөрөт.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-sooronbaj-zheenbekov-menen-emomali-rahmon-chek-ara-maselesin-talkuulajt



Добавить комментарий