Жээнбеков: "Түркиядан Кыргызстанга тартылган түз инвестициялардын көлөмү $600 млн ашат"
Бүгүн 24- сентябрда Бишкек шаарында кыргыз-түрк бизнес –форуму ѳтүп жатат. Форумда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков: «Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтык өнүгүүдө», — деп баса белгиледи.
Мамлекет башчысы эки өлкөлөнүн ортосунда көп жылдар бою түптөлүп, барган сайын бекемделип жаткан саясий өнөктөштүк бийик деӊгээлге жеткенине токтолду.
«Азыр Түркия менен өз ара ишенимге негизделген өзгөчө мамиле түзүлдү. Натыйжада, кыргыз-түрк соода-экономикалык мамилелери жакшы темпте өнүгүп жатат. Былтыр Түркиядан жалпысынан алганда 93 млн доллардан ашык инвестиция келген. Түркиядан Кыргызстанга эгемендик жылдардан бери бүгүнкү күнгө чейин тартылган түз инвестициялардын көлөмү 600 млн доллардан ашат», — деди Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-түрк бизнес-форуму жаңы тармактарда кызматташууга жана өз ара пайдалуу келишимдерге жетишүүгө мүмкүнчүлүк берип, өз ара пайдалуу инвестициялардын көлөмүнүн өсүшүнө кошумча түрткү болорун жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган маанилүү кадам экенине токтолду.
Добавить комментарий ×