Сооронбай Жээнбеков Кувейттин жетекчилигине ѳлкѳдѳгү аз камсыз болгон жарандарды турак жай менен камсыздагыны үчүн ыраазычылык билдирди
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кувейт Мамлекетинин Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганем менен жолугушту.
Эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан жана Кувейттин парламенттер аралык мамилелери талкууланды. Жолугушууда Кувейт менен болгон эки тараптуу кызматташууну жолдору талкууланды.
Мамлекет башчысы Кувейттин жетекчилигине Кыргызстандагы социалдык-экономикалык жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууда колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт Фондунун ишмердиги жана «Ас-Салам», «Ас-Сафа», «Ассанабил» фонддорунун кайрымдуулук ишмердигине оң баа берип, Кувейт тараптын жардамы менен Баткен облусундагы 106 жана Кемин районундагы 100 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык шаарчанын ачылышын канааттануу менен белгиледи.
Добавить комментарий ×