Президент Сооронбай Жээнбеков: Айсулуунун жеңиши кыргызстандыктарга зор белек болду

20 сентября 2019 21:37 1556 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы Дүйнөлүк чемпионаттагы жеңиши менен куттуктады.

Айсулуу биринчи орунду камсыздап, Кыргызстандын желегин желбиретип килемди айланып түшөр замат президент Сооронбай Жээнбеков Дүйнө чемпионаты жүрүп жаткан жерге телефон чалып Айсулуу Тыныбекованы жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабековду зор жеңиши менен куттуктады.

Мамлекет башчысы бүт кыргыз эли Дүйнөлүк чемпионаттагы ата-мекендик спортчулардын мелдештерин кызыгуу менен көрүп, ар бир жеңишти чоң кубаныч менен кабыл алганын белгиледи.

Президент Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки тарыхында аялдар күрөшү боюнча дүйнөдө биринчи чемпион болгонун айтты. Анын жеңиши бүт Кыргызстан үчүн сыймык экенин өзгөчө белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова өзүнүн жеңиши менен кыргызстандыктарга Таластагы Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары жыйынтыкталар алдында белек кылганын кошумчалады.

Айсулуу Тыныбекова мамлекет башчысына куттуктоолору үчүн ыраазычылык билдирип, Дүйнөлүк чемпионаттын жүрүшүндө мекендештердин колдоосун сезип жатканын белгиледи.

Ал жеңишин өлкөгө жана Кыргызстан элине арнаганын баса белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-sooronbaj-zheenbekov-ajsuluunun-zheishi-kyrgyzstandyktarga-zor-belek-boldu



Добавить комментарий