Президент маркум Болот Шамшиевге топурак салды
Кыргызстандын белгилүү кинорежиссёру, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Шамшиев акыркы сапарга узатылды.
Маркумдун сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
Маркумга топурак салууга президент Сооронбай Жээнбеков катышып, анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.
Өз сөзүндө мамлекет башчысы Болот Шамшиевдин эмгегинин үзүрү «кыргыз керемети» доорунун ажырагыс бир бөлүгү болуп саналарын баса белгиледи.
Болот Шамшиев узакка созулган оорудан улам, 21-декабрь күнү 78 жаш курагында президентке караштуу атайын адистештирилген оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/prezident-markum-bolot-shamshievge-topurak-saldy
Добавить комментарий ×