Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды (тизме)
Бүгүн, 2-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өлкөнүн мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу аземи өткөрүлдү. Сыйлыктарды Президент Сооронбай Жээнбеков тапшырды. Сыйлык алгандардын арасында фермерлер, дыйкандар, педагогдор, врачтар, социалдык жана маданий чөйрөнүн кызматкерлери, коомдук жана саясий ишмерлер бар.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгын алгандардын тизмеси:
III даражадагы «Манас» ордени менен:
Асанбек Абдыкеримов — К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин мал чарбасынын продукциясын өндүрүүнүн технологиясы кафедрасынын профессору;
Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев;
Айтбай Казакбаев- Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин медициналык факультетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору;
Владимир Нифадьев –Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору;
«Даңк» ордени менен:
Анна Кутанова – «Ленинград блокадниктеринин кыргыз коому» коомдук бирикмесинин төрагасы;
«Эрдик» медалы менен:
Иманбек Асылбеков – апрель элдик революциясынын баатыры;
«Даңк» медалы менен:
Лира Батырбекова – Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясы« мекемесинин директору;
Гүлзура Жумакунова – Анкара университетинин тил, тарых жана география факультетинин профессору;
Саматбек Ибраев – Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси, «Саякбай манасчы» эл аралык коомдук фондунун жетекчиси;
Төлөбек Камчыбеков – М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору;
Абтандил Кулбараков – Жогорку Кеңештин депутаты;
Дамира Молдоярова – “Кызыл-Ордо строй маркет» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
Разия Өсөрова – Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылынын айыл башчысы;
Абдыжапар Тагаев – «Нур» ачык акционердик коомунун президенти;
Калия Ураимова – Ош облусунун Ноокат районундагы „Төөлөс Нуру“ балдар бакчасынын башчысы;
“Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген ардактуу наам:
Анаркүл Назаркулова – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасына;
“Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу» деген ардактуу наамына:
Сейит Жетимишев – жазуучу;
“Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү» ардактуу наамы:
Эркин Салиев – сүрөтчү-живописчи, кино жана телеберүүлөр сүрөтчүсү, “Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;
“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» ардактуу наам:
Жылдыз Акматова – актриса-каскадер;
Токтобек Асаналиев – К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын доценти;
Шахрезада Аскарова – эстрада ырчысы;
Салимбү Балтаева – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти;
Насредин Дубашев – Т. Океев атындагы „Кыргызфильм“ улуттук киностудиясынын жогорку категориядагы актеру;
Марат Жанталиев – Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар театрынын артисти;
Айбек Карымов – ырчы, обончу, «Бейне-Групп» компаниясынын башкы директору.
Ссылка: https://barometr.kg/prezident-mamlekettik-syjlyktardy-tapshyrdy-tizme
Добавить комментарий ×