Президент: "Өлкөдөгү бардык жүргүзүлүп жаткан аракеттерди санариптештирүү керек"

14 декабря 2018 14:35 781 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Өлкөдөгү бардык жүргүзүлүп жаткан аракеттерди санариптештирүү керек. Ошондо коррупция азаят-деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-декабрда Кыргызстанда санарипти өнүктүрүү боюнча чараларды караган Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

 "Заманбап санариптик инфраструктура мамлекет, бизнес жана жарандардын ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн жаңы платформасын түзүүгө мүмкүндүк берет. "Акылдуу шаар", "акылдуу мектеп", "акылдуу бейтапкана", "акылдуу ферма", "акылдуу фабрика" жана "акылдуу транспорт" сыяктуу "акылдуу ыкмаларды" бүт жерде киргизүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот.Ошондо биздин өлкө жаңы технологиялык чечимдердин жана инновациялардын катализатору болуп калат",- дейт Жээнбеков.

Ошону менен катар жаӊы технологияларды бардык тармактарда, бийликтин бардык бутактарында, өзгөчө укук коргоону ишке ашырууда, сот процессин жүргүзүүдө, саламаттык сактоодо, билим берүүдө, салык жана бажы төлөмдөрүн автоматташтырууда кеӊири колдонуу керектигин белгиледи.

Өзгөчө электрондоштурууну аймактардагы айыл жергесине кеңири жайылтууга аракеттерди азыртадан башташ керек экендигин айтты. 

"Жогоруда айткандарды жасасак, Кыргызстандын эл аралык финансы рынокторуна жетүүсү жакшырат.Бизге эл аралык технологиялык компаниялардын келүүсүнө жакшы шарт түзүлөт. Кыргызстанга түз инвестициялардын тартылышына жана өлкөбүздө жаңы технологиялардын пайда болушуна жардам берет. Мен айткан багыттар өлкөнү санариптештирүүнүн шарттарында экономиканы өнүктүрүүгө негиз болот. Жаңы технологияларды киргизүү — биринчилерден болуп туризм, айыл чарбасы, банк сектору, жеңил өнөр жайы, курулуш секторлордон башталат. Бул тармактар Улуттук стратегияда артыкчылыктуу багыттар катары белгиленген.Ошону менен катар жаӊы технологияларды бардык тармактарда, бийликтин бардык бутактарында, өзгөчө укук коргоону ишке ашырууда, сот процессин жүргүзүүдө, саламаттык сактоодо, билим берүүдө, салык жана бажы төлөмдөрүн автоматташтырууда кеӊири колдонуу абзел",- деп кошумчалап кетти президент.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-lkdg-bardyk-zhrgzlp-zhatkan-araketterdi-sanaripteshtir-kerek



Добавить комментарий